Социалдык тармактарда Кудайберген уулу кыйноого алынганы да кабарлаган эле. Бирок мындай маалыматты анын адвокаты четке какты. Ал арада соңку үч жылдан бери сыртта жүргөн активисттин кармалышы башка камоолорго да жол ача турганы айтыла баштады.
Куренов Дубайдан Кыргызстанга кантип жеткирилди?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде Бириккен Араб Эмирлигинен кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулун 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.