Украина орусиялык 39 жаранга, үч кытайлык компанияга санкция салды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-апрелде Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин (РНБО) чечимин күчүнө киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул документтин негизинде Орусиянын 39 жаранына санкция салынды.

Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматынын сунуштарын кубаттап, орус жарандарына экономикалык жана башка чектөө чараларын колдонуу чечимин кабыл алган.

Мындан тышкары 56 компания, анын ичинде Орусияда катталган ишканалар, Беларустун "СветлогорскХимволокно" мекемеси жана үч кытайлык компания "кара тизмеге" кирди.

Кытайлык үч компания Beijing Aviation And Aerospace Xianghui Technology (Бээжин), Rui Jin Machinery (Вэнчжоу), Zhongfu Shenying Carbon Fiber Xining (Ляньюньган) деген аталышта.

17-апрелде президент Зеленский билдиргендей, Украина кытайлык ишканалардын Орусияга аскердик товарларды, тагыраагы, ок-дары жана артиллерия жабдыктарын жеткиргени тууралуу маалымат алган.

Анын айтымында, Кытай өкүлдөрүнүн Орусияда курал-жарак өндүрүп жатышы боюнча ыктымал маалыматтар жакынкы жумада кеңири ачыкталышы мүмкүн.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Зеленскийдин сөздөрүн "негизсиз" деп мүнөздөп, сынга алды.

Дагы караңыз

Элчи Бөкөнтаев Москва мончосундагы окуяга тынчсыздануу билдирди Ташиев кыргыз-тажик чек арасында зым тартуу иши башталарын билдирдиТрамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр жогорку баскычка жакындады Ирандын тышкы иштер министри өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча Орусиядан колдоо сурады