Мамлекеттик “Air KG” авиакомпаниясы жоюлду

"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин иш башкармасына караштуу “Эйр Кей Жи” авиакомпаниясы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

“Эйр Кей Жи” 2023-жылы Президенттин иш башкармасына өткөрүлгөн. Ишкана ага чейин “Манас” эл аралык аэропортуна караштуу болчу.

“Эйр Кей Жинин” сайтындагы маалыматка караганда, туунду компания 2013-жылы сентябрда “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин чечими менен негизделген.

Мындай чечим “Кыргызстанды 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында” каралган максаттарды ишке ашыруу үчүн кабыл алынып, компанияга өлкөнүн транспорттук дараметин жакшыртуу тапшырмасы коюлган. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Канышай Мамыркулованын батирин камакка койдуПрезиденттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн Сагынбек Абдумуталип жетектейтАКШда Флорида университетинде кол салуудан кеминде эки адам каза болдуБөкөнтаев Мамдуманы депутаты менен жолугушуусунда мончодогу окуяны көтөрдү Алмазбек Атамбаев "Батукаев иши" боюнча күнөөлүү деп табылды