АКШда Флорида университетинде кол салуудан кеминде эки адам каза болду

Таллахасси шаары.

АКШнын Таллахасси шаарындагы Флорида мамлекеттик университетинин кампусунда атышуу болуп, кеминде эки адам мүрт кетип, алты киши жаракат алды.

Лион округунун шерифи Уолт Макниланын айтымында, университеттин 10 жаштагы студенти, полицияда 18 жыл иштеген шерифтин орун басары Джессики Айкнердин 20 жаштагы уулу Феникс Айкнер ок чыгарган.

“Тилекке каршы, ал апасынын куралын алган. Курал кылмыш болгон жерден табылды”, - деди Уолт Макнилан.

Маалыматка ылайык, кол салуудан каза болгондор университеттин студенттери эмес. Каза тапкандар тууралуу кошумча маалымат берилген жок. Флорида мамлекеттик университетинин администрациясы сабактарды жана спорттук иш-чараларды убактылуу токтотту.

Кол салган Феникс Айкнер полиция менен атышууда жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Анын абалы тууралуу маалымат жок. Америкалык басылмалар полицияга шилтеме берип, кармоо учурунда шектүү полиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей койгонун жазышууда. (BTo)

Дагы караңыз

Бөкөнтаев Мамдуманы депутаты менен жолугушуусунда мончодогу окуяны көтөрдү Алмазбек Атамбаев "Батукаев иши" боюнча күнөөлүү деп табылдыОрусияда "Талибан" кыймылы террордук уюмдардын тизмесинен чыгарылдыОрусияда мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча соттолгондор көбөйдүПарижде Европа, АКШ жана Украинанын жогорку даражалуу жетекчилери жолугушууда