Аба ырайы: Жаан жаайт

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 16…18° болот.

Дагы караңыз

ИИМ Орокто жеке көрүстөн уюштуруп алган адам кармалганын билдирдиБШК мандат иши боюнча Султанбай Айжигитовго жооп бердиКой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылдыБишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдөМосквада мончодо болгон окуяны прокуратура текшерип баштадыУКМК депутат Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын билдирди