ИИМ Орокто жеке көрүстөн уюштуруп алган адам кармалганын билдирди

Айыл чарба багытындагы жерге уюштурулган көрүстөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Төмөнкү Орок айылынын тоо бетиндеги айыл чарба багытындагы жерге ошол эле айылдын тургуну эч кандай уруксат кагаздары жок эле жеке көрүстөн уюштуруп алганын билдирди.

68 жаштагы шектүү бул аймактан маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп сатып жатканы аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Ленин районунун прокуратурасынын кызматкерлери бирге жүргүзгөн ыкчам-тергөө иштеринде, ал сөөктү коюуга жай бөлүп берем деп 40 миң сом алып жатканда кармалганы кабарланды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

БШК мандат иши боюнча Султанбай Айжигитовго жооп бердиКой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү эки айга узартылдыБишкекте мектептеги өлүм боюнча мугалим, окуучулар сурак берүүдөМосквада мончодо болгон окуяны прокуратура текшерип баштадыУКМК депутат Сыдыгалиевдин Жамангулов боюнча сөзү ырасталбаганын билдирди