Бишкекте дагы 476 адам Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алды

Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү турак жай комплекси.

16-апрелде Бишкектеги Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү турак жай комплексинен жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын дагы 476 батиринин ачкычы тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын аягында сөз болуп жаткан жерден 510 батир турак жайга муктаждарга берилгенин, 5 миңден ашык батир салынып жаткан комплекс 2026-жылдын соңунда толук бүткөрүлөрүн айтты.

Ушул тапта Кыргызстан боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. 11-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө мамлекеттик ипотекалык компания курган 612 батир ээлерине берилген.

Январь айындагы маалымат боюнча, өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.

Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп мыйзамсыз мигранттар боюнча жаңы программа киргизерин жарыялады Чүй дарыясына түшүп кеткен жаран изделип жататУкраина "Шахеддердин" чабуулуна кабылганын, Орусия 20дан ашык дронду жок кылганын билдирди Human Rights Watch укук коргоочу Рита Карасартованы бошотууга чакырдыМамлекетке алынган “Ала-Арча” соода борбору сатыкка коюлдуДепутат: Мектепте каза болгон кыздын, абакта көз жумган адамдардын өлүмүн иликтеш керекБишкекте мектеп окуучусу классташынын соккусунан каза болду