Кыргызстанда орточо айлык акы 39 456 сомду түздү

Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылдын январь-февралында Кыргызстанда орточо айлык акы 39 миң 456 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов 15-апрелде журналисттерге билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 17,8% көп.

Кудайбергеновдун маалыматына ылайык, курулуш, кыймылсыз мүлк менен иштөө, медиа, ресторан жана мейманкана кызматтары, тоо-кен өндүрүшү сыяктуу тармактарда айлык жогорулаган. Ошондой эле илимий-техникалык (IT тармагы) жана кесиптик тейлөө кызматтарында да көбөйгөн.

Улуттук статистика комитети 2024-жылы бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом болгонун билдирген.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37-39 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда кыргызстандык өспүрүм киши колдуу болдуБашкы прокурор Кыргызстанда тергөөнүн сапаты начар экенин айттыУкук коргоочу Рита Карасартова кайра камалды, Куреновдун дайыны белгисиз Курск жапырт чабуулга кабылды. Бир адам каза болду "Удаа жоготууну көтөрө албай, жакындарынын артынан кетти". Таланты ташыркаган комузчу