Аба ырайы: Тоолуу райондордо жаан жаайт

Ош.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 16-19-апрель күндөрү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

16-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Таласта жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 17…22;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° болот.

Дагы караңыз

Кызамык жуктурган 4800дөн ашуун бала эмделген эмес Ала-Букада сел машинени агызып, үйдүн короосун каптады Москвада мончодо сабалган кыргыз жарандары арыз жазуудан баш тарттыТИМ Мьянмада мыйзамсыз кармалып турган жети кыргыз жараны алып келингенин билдирдиКыргызстанда аскер комиссариаттарынын жетекчилери алмашатАбхаз, армян номурлуу машинелерди мыйзамдаштыруунун баасы түштү