Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү БАЭде таанылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмирлигинин ортосунда айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 15-апрелде маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, меморандумга 14-апрель күнү БАЭнин Абу-Даби шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен БАЭнин Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү коюшту. Кол коюу аземине Кыргызстандын Абу-Дабидеги Консулдук департаментинин жетекчиси Сейтек Жумакадыр уулу, БАЭдеги элчи Аман Салиев катышты.

Маалыматка ылайык, меморандумдун максаты - эки өлкөнүн тиешелүү органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү таануу менен жарандардын жүрүүсүн жеңилдетүү. Документ бир айдын ичинде күчүнө кирет.


Расмий маалыматтарга караганда, БАЭде беш миңдей кыргызстандык жаран жашайт. Алардын ичинен Абу-Дабиде 300дөй, Дубайда 3000 кыргызстандык расмий катталган. Көпчүлүгү тейлөө тармагында эмгектенишет.(ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ Мьянмада мыйзамсыз кармалып турган жети кыргыз жараны алып келингенин билдирдиМосквада мончодо сабалган кыргыз жарандары арыз жазуудан баш тарттыАбхаз, армян номурлуу машинелерди мыйзамдаштыруунун баасы түштүУкук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалганы кабарланды