Кыргызстанда аскер комиссариаттарынын жетекчилери алмашат

Кыргызстандын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги Кыргызстандын аймактарындагы аскер комиссариаттарынын жетекчилери ротациянын алкагында алмаштырыларын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 15-апрелде кабарлагандай, ротация аскер комиссариаттарынын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукту күчөтүү жана коррупциянын алдын алуу максатында жүрүүдө.

"Коррупцияга каршы иш-чаралардын жыйынтыгында бир катар аскер комиссариаттарынын ишинде мыйзамсыз иштер аныкталды. Айрым кызматкерлерге карата кылмыш иши корголуп, коррупциялык иштери үчүн кармалып, камалышты. Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп, айыптуулар мыйзам чегинде жоопко тартылышат", - деп жазылган маалыматта.

Коргоо министрлиги коррупцияны болтурбоо максатында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Аскер прокуратурасы менен чогуу ички көзөмөлдү күчөтүп, коррупцияга каршы иш-аракеттерди улантып жатканы кошумчаланды.


УКМК буга чейин Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, прокуратура кызматкерлери кармалган учурлардыжарыялаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Москвада мончодо сабалган кыргыз жарандары арыз жазуудан баш тарттыАбхаз, армян номурлуу машинелерди мыйзамдаштыруунун баасы түштүУкук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалганы кабарландыПарламентте ТИМдин мигранттарга байланыштуу иши сынга кабылды