Аба ырайы: күн күркүрөп, жаан жаайт

14-апрелдеги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

15-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кечке жакын жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Депутат Мьянмада Кыргызстандын жети жараны кулчулукка кабылганын айттыПрезиденттик шайлоону январь айында өткөрүү сунушталдыМилиция Тилекмат Куренов менен байланышы бар эки адам кармалганын билдирдиУкраина: Сумыдагы чабуулдун курмандыктары 35ке жетти Орусия кытайларды согушка кантип азгырууда?