Катуу шамалдан Түп районунда 35 үй зыян тартты

Түп району. Ысык-Көл, Кыргызстан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-апрелдин түнү болгон шамалдын кесепетинен Тоң районунун Мамбетов айыл аймагында жалпы 64 имарат зыян тартканын, алардын 35и турак үй экенин билдирди.

12-апрелде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген материалдык чыгымды эсептеп чыгышкан. Болжол менен жалпы 1 миллион 436 миң 775 сом (анын ичинен социалдык объектилер 101 миң 200 сом) зыянга учураганы белгилүү болуп, акт түзүлгөн.

Кыргызгидромет борбору 14-апрелде жер-жерлерде жаан-чачын нөшөрлөп жаап, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Дагы караңыз

Оманда АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү өттүАкыйкатчы "Илбирс" аскер бөлүгүндө ок атылган окуяны иликтөөнү суранды Reuters: Кытай офицерлери орусиялык армиянын согуштан тыш аймагына барганКыргызстанда 800дөй адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат