Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 2025-жыл, 11-апрель.

Бүгүн 11-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ага бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Президенттик администрация тараткан маалыматка караганда, жыйында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, стратегиялык объектилердин тизмегине сунуштарды киргизүүгө байланыштуу маселелер каралды.

Улуттук коопсуздукка байланыштуу мурда кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.

Жыйынтыгында айрым иштерди активдештирүүгө жана улуттук коопсуздук үчүн тобокелдиктерди, коркунучтарды жоюу боюнча өз учурундагы чараларды көрүүгө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында Куралдуу Күчтөрдүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралган. (КЕ)

Дагы караңыз

Электр чыгырыктары жана скутер кырсыктарынан быйыл 157 адам жаракат алды"Ашар" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу камалдыМамлекеттик гимндин тексти менен музыкасына кайрадан сынак жарыяланатКүйүүчү майды маркалоодон жарым жылда бюджетке 3,3 млрд сом салык түштү