12-апрелдин аба ырайы: Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан жаайт

12-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 32 ардагери калдыБыйыл 1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсияга 7% кошулатМамдепартамент АКШнын Украинадагы элчиси кызматтан кеткенин ырастады"Согушка катышкан 360 кыргыз". Украина Орусия тарапта согушкан кыргызстандыктарды ачыктадыТрамптын жаңы тарифтери Кытай электромобилдерине Борбор Азияга жол ачтыбы?