Быйыл 1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсияга 7% кошулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсияга быйыл күзүндө да 7% кошулат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 11-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын отурумунда билдирди.

Анын сөзүнө караганда, былтыр октябрда пенсияга 7% кошулуп, бул үчүн 1,2 млрд сом акча сарпталган.

"Быйылкы жарым жылдыкта камсыздоо төлөмдөрүнүн суммасын карап көрөбүз. Пенсияны көбөйтүү ошого жараша болот. Балким 7% көбүрөөк да кошулуп калышы мүмкүн", - деди Алиев.

Соцфонд төрагасынын сөзүнө караганда, 2024-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы 73,72 млрд сомду түзгөн. Бул мурунку жылга караганда 9,115 млн сомго көп.


2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда пенсионерлердин саны жыл сайын 3-4% өсүп жатат.

11-апрелге карата маалымат боюнча, 779 миң пенсионер бар, алардын ичинен 800үнүн акчасы 50 миң сомдон жогору. (ZKo)

Дагы караңыз

"Согушка катышкан 360 кыргыз". Украина Орусия тарапта согушкан кыргызстандыктарды ачыктадыФергана өрөөнүнүн ат жалындагы кыздарыНью-Йоркто тик учак Гудзон дарыясына кулап, алты киши каза болду"Комментарий үчүн да редакция жооп берсин". ЖМК мыйзамы биринчи окуудан өттүДепутат Бекешев фейк маалыматтарды "троллдор фабрикасы" таратып жатканын айтты