ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңеш 9-апрелдеги жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Медиа коомчулук менен макулдашылып иштелип чыккан долбоорго депутаттар бир катар сунуш-пикирлерин беришти. Айрыкча социалдык тармактарда активдүү болуп, маалымат таратуучу катары иш алып барган адамдардын жоопкерчилиги боюнча маселе көп көтөрүлдү.