11-апрелдин аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Синоптиктердин билдиргенине караганда, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Трамп Иран өзөктүк долбоорунан баш тартпаса күч колдонорун кайталады Депутат жаңы тигилген бактын канчасы көктөгөнү тууралуу маселе көтөрдүТүркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси ишине кириштиОрус армиясы Киев жана Николаев шаарларына абадан чабуул койду