Түндүк-Түштүк кошумча жолундагы тоннелге акы алуу сунушталды

Түндүк-Түштүк кошумча жолу, архивдик сүрөт.

Транспорт жана байланыш министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолундагы Көк-Арт ашуусуна курулган тоннел аркылуу өткөн машиналардан акы алууну сунуштоодо. Министрлик бул тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Эгер сунуш колдоо тапса Көк-Арт тоннели өкмөттүн 2023-жылдын 5-декабрындагы токтомуна ылайык, акы алынуучу автоунаа жолдорундагы жасалма курулмалардын тизмесине киргизилет.

Министрлик бул чара мамлекеттик бюджеттин көбөйүшүнө жана тоннелдердин сапатын сактоого шарт түзөт деп ишендирүүдө.

Документтин негиздемесинде Көк-Арт ашуусундагы тоннелди курууга мамлекеттик бюджеттен 140 млн сом сарпталганы жазылган. Көзөмөл-өткөрүү бекетинде 36 кызматкер иштейт. Алардын айлык акысына жылына 16 млн сом каралган. Мындан тышкары электр энергиясы, интернет, техникалык тейлөө жана башка чыгымдар белгиленген.

Транспорт жана байланыш министрлиги аталган тоннелде:

- Жеңил (8 орундууга чейин) автоунаа үчүн 100 сом, чет элдик номурлуу жеңил автоунаага 200 сом;
- Жүргүнчү ташуучу унаа (8 орундан көп, 5 тоннага чейинки) 250 сом, чет элдик номурлуу ушундай унаадан 1000 сом;
- Жүргүнчү ташуучу унаа (8 орундан жана 5 тоннадан көп) 500 сом, чет элдик номурда болсо 1500 сом;
- Жүк ташуучу унаа (3,5 тоннага чейин), трактор 250 сом, чет элдик номурда 1000 сом;
- Жүк ташуучу унаа (12 тоннага чейин) 500 сом, чет элдик унаа - 1500 сом,
- Жүк ташуучу унаа (12 тоннадан көп) 700 сом, чет элдик номурлар 3000 сом;
- Чиркегичи бар (10 тоннага чейин) 12 тоннадан көп жүк ташуучу унаа 1000 сом, чет элдик номурдагылардан 5 миң сом алууну сунуштоодо.

Түндүк-Түштүк кошумча жолундагы Көк-Арт ашуусуна курулган тоннел Тогуз-Торо району менен Сузак районун байланыштырат. Узундугу 3,9 км.


Ушул тапта Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 6 тоннелге жеңил унаалардан 50 сом, чет элдик жеңил машинелер үчүн 5 доллар акы алынат. Ал эми жүк ташуучу унаалардын акысы категориясына жараша 100 сомдон 400 сомго чейин.

Транспорт жана байланыш министрлиги Бишкек-Ош альтернативдик жолунун ачылышы 2026-жылга калтырылганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кызматтан алгыла же камайбыз дешти". Жоомарт Карабаев боюнча тараган аудио Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалдыАдвокат ырайым берилген Азамат Ишенбеков абактан бүгүн чыгышы мүмкүн экенин айтты"Чек арасыз кабарчылар" Азамат Ишенбековдун абактан бошотулуусун кубаттадыДоминиканада түнкү клубдагы кырсыктан каза болгондор 120дан ашты