Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктердин билдиргенине караганда, 9-10–апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Баткен жана Ыссык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ал эми 9-11-апрелдерле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана көчкү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

10-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

Трамп жарыялаган тарифтердин жаңы баскычы башталды Кыргызстанга БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү келдиСот журналист Канышай Мамыркулованы камакта калтырдыКазак-орус чек арасында 500дөн ашуун тажик мигранты өтө албай туратАзамат Ишенбеков менен Зарина Төрөкуловага ырайым берилдиУкраинанын Казакстандагы элчиси болуп Виктор Майко дайындалды