ӨКМ Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырдан улам Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү коркунучу күтүлүп жатканын эскертти. Аталган аймактарда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Министрлик жарандарды арыктарды, сел каналдарын тазалап, суу каптоону алдын алууга чакырды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашкан. Кырсыктан 67 адам каза болгон. Табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилген. (ZКo)

Дагы караңыз

Трамп жарыялаган тарифтердин жаңы баскычы башталды Социал-демократтар партиясынын үч өкүлүнүн соту белгисиз мөөнөткө жылдыУюшма кылмыштуулукту каржылагандарга мунапыс берилбей турган мыйзам иштей баштадыУмрага Өзбекстандан барган жүздөгөн киши ара жолдо калдыAI: 2024-жылы эң көп киши Египетте өлүмгө өкүм кылынганПрезидент Жапаров кумарканага уруксат берген себебин түшүндүрдү