9-апрелдин аба ырайы: Тоолорго кар жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 9-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндуз 16…21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндуз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12°, күндүз 21…23° жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз

Трамп АКШ Иран менен "түз сүйлөшүү" жүргүзөрүн билдирдиБир жылда сотторго байланыштуу 500дөй арыз түшүп, 50 судья тартип жазасына тартылдыДепутат Кожокулова журналистке карата камоодон башка бөгөт чарасы колдонулса болмогун айттыПрезидент Жапаров никабга, паранжага каршы туруу коомдук коопсуздук үчүн маанилүү экенин айтты