Нарын–Орук-Там жолуна кар көчкү түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын–Орук-Там жолуна кар көчкү түшүп, азыр ал жерде тазалоо иштери жүрүүдө. Аталган мекеме жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Жергиликтүү тургундар Орук-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышары кабарланды.

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, кооптуу аймактарды суу капташы мүмкүн экенин эскертүүдө. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. (КЕ)

Дагы караңыз

Муфтият никаб кыргыз коомуна бөтөн көрүнүш экенин билдирдиКазакстан ижарага алган пансионаттар боюнча макулдашууну өзгөртүү сунушталды Фархат Иминов Инвестициялар агенттигинин директору болуп дайындалдыТүркия: Оппозициянын лидери “шайлоону эң кеч дегенде ноябрда өткөрүүгө” чакырды