Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бардык аймактарда кызамык көбөйүп жатканына байланыштуу 19-мартта кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Министр бул өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон кооптуу илдет экенин айтып, андан коргонуунун натыйжалуу жолу эмдөө экенин белгиледи.
"Бул кооптуу илдет. Ал олуттуу көйгөйлөргө жана өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Бирок бизде андан коргонуунун натыйжалуу каражаты – эмдөө бар. Эмдөө коопсуз жана ал бүткүл дүйнөдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген. Эмдөө менен биз балдарыбыздын ден соолугун сактап, алардын бактылуу адам болуп чоңоюшуна шарт түзө алабыз", - деп белгиледи Чечейбаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бардык аймактарда кызамык эпидемиясы кескин өсүп жатканын, өлкөдө өтө кооптуу кырдаал болуп турганын эмдөөгө байланыштуу уюштурулган жыйында билдирген.
Бул жаатта жер-жерлерде маалыматтык өнөктүктөрдү күчөтүү талабы коюлган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь-февраль айларында 3 739 баладан кызамык оорусу аныкталган. Былтыр ушул мөөнөттө 5 236 бала катталган.
Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмдөө албагандар экени аныкталган.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (КЕ)
Министр Чечейбаев кызамыктан коргоонун натыйжалуу жолу эмдөө экенин эскертти
Эркин Чечейбаев.