Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер тобу камакка алынды

Түндүк-Кавказ федералдык университетинин эн белгиси. Иллюстрация.

Орусияда Ставрополь крайындагы Түндүк-Кавказ федералдык университетинде окуган Түркмөнстандын жети жаранын полиция кармап, аймактык сот аларды 10 күнгө камады. Бул тууралуу Кавказ.Реалии сайты жазды.

Маалыматка караганда, студенттер Орусиянын башка жогорку окуу жайларына которулууну өтүнүп, университеттин ректоратына кайрылышкан.

Аларга Курск жана Белгород облустарындагы окуу жайларга гана которулуу мүмкүн экени айтылган.

Аталган эки облус согуш жүрүп жаткан Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан, айрым шаар-кыштактарын былтыр август айынан бери украин аскерлери көзөмөлгө алган.

Буга нааразы болгон студенттер Түндүк-Кавказ университетинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда жети студент кармалган. Бардыгы Түркмөнстандын жараны.

Кийинки күнү окуу жайда жана жатаканаларда башка студенттер да суракка чакырылып, паспорттору алынган.

Кармалган студенттерге Ставрополь крайындагы Ленин райондук соту "полицияга баш ийбегени" жана "майда ээнбаштык" үчүн деген негизде айып тагып, административдик жазага - 10 күнгө камакка алган.

Атын атагысы келбеген студенттин билдиргенине караганда, Түркмөнстандан келген студенттердин баары декабрь айынан бери кысым-басымга, такай текшерүүгө жана окуудан чыгаруу тууралуу коркутууларга туш болуп келишкен. Ушундан улам алар башка окуу жайга которулууну суранышкан. Ректораттан аларга Курск менен Белгороддон башка облустарга которулуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Түндүк-Кавказ университети 2024-2025-окуу жылы башталганда миңдей түркмөнстандык студентти кабыл алган. Жалпы Орусиянын жогорку окуу жайларында Түркмөнстандын 30 миңдей жараны окуйт. Алардын басымдуу бөлүгү окуганча иштеп, мекенине акча жиберүү максаты менен жүрүшкөнү айтылып келет.

Дагы караңыз

Орусияга кымбат баалуу машинелер Кыргызстан аркылуу киреби? Израил ХАМАСтын сунушун "психологиялык согуш" деп четке кактыТрамп Путин менен сүйлөшүүлөр «жемиштүү» болгонун айттыЕврошаркет Орусияга санкцияларды узартты, Усмановдун карындашы тизмеден чыгарылды"Тынчтык үчүн көчөбүз". Жаңы Достук айылы түптөлөт