Талант Султанов "Кыргызфармацияга" жетекчи болуп дайындалды

Талант Султанов.

Талант Султановду "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын эмгек жамаатына 12-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тааныштырды. Аны бул кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Талант Султанов Кыргызстанда санариптештирүү менен алектенген "Кыргыз коом" жумуш тобунун координатору болуп иштеген. Ошондой эле Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институтту жетектеп турган.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон.

Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу жана Алматыдагы кеңселеринде иштеген. "Казкоммерцбанктын" каржылык директору болгон.

Бир катар банктарда, Коомдук телерадио корпорациясында (КТРК) директорлор кеңешинин мүчөсү болуп жүргөн.

Талант Султанов 48 жашта. Эл аралык мамилелер боюнча Сан-Франциско жана Колумбия университеттеринде окуган. Гарварддын бүтүрүүчүсү. (ZKo)

Дагы караңыз

"Кутурма айыкпайт". Малын эмдеткен өзүн сактайтТрамп Москвага Киев менен келишимден баш тартуунун кесепети тууралуу эскертти ӨКМ: Оштогу жер титирөөдөн 12 мектеп, 25 үй жабыркадыКыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлдуУКМК "Насоновское" алтын кенине Камчыбек Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирдиУлакчынын өлүмүнө байланыштуу калыс жана бир оюнчу кармалды