Чоң-Алайда бала бакчанын отканасында ата-бала иске ууланып каза тапты

Чоң-Алай районундагы айылдардын бири

Ош облусундагы Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен иске ууланып көз жумду.

Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, окуя 8-март күнү болгон.

Милицияга Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагынын 1985-жылы туулган тургуну жана анын 2011-жылы туулган уулу иске ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө ата-бала мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде от жагуучу жайда кошумча кубаттагычтан чыккан газга ууланып каза болгондугу маалым болгон.


Маркумдардын жакындары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Милиция учурда текшерүү уланып жатканын, анын жыйынтыгында мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалады.

Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) элди сак болууга чакырып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюлдуТажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келдиАКШ Украинага аскердик жардамды жандантканы кабарланды Бишкекте көк бөрү турниринде бир улакчы каза болдуГренландиянын таржымалы, Американын 150 жылдык дымагы