Элчи Марипов Кыргызстандын Сирия, Бруней менен кызматташтыгын талкуулады

Элчи Улукбек Марипов жана Сириянын тышкы иштер министри Асаад Хасан Аль-Шайбани. Жидда, Сауд-Арабия. 7-март, 2025-жыл.

Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сириянын жаңы өкмөтүнүн тышкы иштер министри Асаад Хасан Аль-Шайбани жана Бруней-Даруссаламдын тышкы иштер министри Дато Ирван бин Бахин Юсуф менен жолугушту. Жолугушуу 7-мартта Жидда шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин чукул жыйынынын алкагында өттү.

Анда Кыргызстан менен Сириянын жана Брунейдин ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, жолугушууда өзгөчө көңүл эл аралык уюмдардын, анын ичинде ИКУнун алкагында өз ара кызматташууну чыңдоого бурулду. Элчи Улукбек Марипов Сирияны ИКУга мүчөлүгүн калыбына келтирүүсү менен куттуктады. Ошондой эле Брунейдин ТИМ башчысы менен болгон сүйлөшүүлөрдө тараптар кызматташууну кеңейтүү жана эл аралык түзүмдөрдө өз ара аракеттенүү келечеги боюнча пикир алмашты.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Былтыр 8-декабрда "Хайят Тахрир аш-Шам" уюму баштаган, Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар Башар Асаддын режимин кулаткан, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан.

Январдын аягында аталган уюмдун лидери Ахмед аль-Шараа Сириянын жаңы президенти катары жарыяланып, "өткөөл өкмөт иштеп турган маалда" мамлекетти жетектеп турары айтылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Ата-Түрк паркындагы мушташтын катышуучулары кармалды "Илон Масктыкындай милдет жүктөлдү". Башкаруу реформасын Аяз Баетов көзөмөлдөйтМосквага урулган сокку, Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөрТрамп үчүн төшүн тоскон Карран Коопсуздук кызматынын башчысы болуп дайындалдыПакистанда жоочулар 450дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди барымтага алдыБалдардын мектепке катталганы тууралуу маалымат ата-энесине жиберилет