Ата-Түрк паркындагы мушташтын катышуучулары кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Ата-Түрк паркында 11-март күнү саат 15:30 чамасындагы калайман мушташ тууралуу видеолор соцтармактарга тараган. Анда 18-20 жаштардагы 20дан ашуун бала мушташып жатканы тартылган.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) бул маалымат бирдиктуү реестрге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын кабарлады.

РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, милиция кызматкерлери тарабынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, кармалды. Алардын баары Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген, учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы кабарланды. Бирок канча адам кармалганы ачыкталган жок.

Маалыматка караганда калайман мушташ Бишкектеги Н. Исанов атындагы Кыргыз инженер курулуш институтунун студенттеринин ортосунда чыккан.(ZKo)

Дагы караңыз

Трамп үчүн төшүн тоскон Карран Коопсуздук кызматынын башчысы болуп дайындалдыПакистанда жоочулар 450дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди барымтага алдыБалдардын мектепке катталганы тууралуу маалымат ата-энесине жиберилетНукуста Казакстан, Орусиядан депортацияланган каракалпак активисттеринин соту башталдыОрусия жүздөгөн дрон чабуулуна кабылды. Набыт болгондор бар