Пакистанда жоочулар 450дөн ашуун жүргүнчүсү бар поездди барымтага алды

Кветта шаарында токтотуп турган поезд. Пакистан. 15-ноябрь, 2024-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Белужистан провинциясында куралчан согушкерлер поездди аткылап, ичиндеги 450дөн ашуун жүргүнчүнү барымтага алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.

Поезд Кветта шаарынан өлкө түндүгүндөгү Пешавар калаасына бараткан. Согушкерлер аны Болана аймагында токтотушкан. Поезддин күзөтчүлөрү жоочуларга каршы ок чыгарышкан.

Маалыматка караганда транспорттун айдоочусу жараат алган.

Кол салуу үчүн Белужистан боштондук армиясы жоопкерчиликти өз мойнуна алып, Сиби районунда темир жолду бомбалашканын жана поездге толугу менен көзөмөл орнотушканын билдиришкенин “Франс-пресс” агенттиги жазды.

Атын ачык атабоону суранган полиция кызматкери поезд тоо арасында, туннелдин жанында токтоп турганын билдирди. Анын айтуусуна караганда, аймак жоочулардын жашынып, чабуул уюштуруусу үчүн ыңгайлуу.

Аймактагы ооруканаларга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени кабарланды.

Дагы караңыз

Балдардын мектепке катталганы тууралуу маалымат ата-энесине жиберилетНукуста Казакстан, Орусиядан депортацияланган каракалпак активисттеринин соту башталдыОрусия жүздөгөн дрон чабуулуна кабылды. Набыт болгондор бар