“Социал-демократтардын” үч мүчөсүнө дагы бир айып коюлуп, иши сотко өттү

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 2025-жылдын 9-январы.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин ишин тергеп бүтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берди.

Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна “Социал-демократтардын” мүчөсү Кадырбек Атамбаев ырастады. Анын сөзүнө ылайык, баштапкы соттук отурум 13-мартка дайындалды. Ал партиянын камактагы үч мүчөсүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып угузулганын жана ишке коюлган “жашыруун” делген гриф алынбаганын кошумчалады.

Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

26 жаштагы Темирлан Султанбеков - “Социнтерн” эл аралык бирикмесинин эң жаш вице-президенти. Ал 2021-жылы “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы болуп шайланган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Жумгалда жер, Сүлүктүдө имарат мамлекетке кайтарылганын кабарладыРахмондун сапарынан улам Бишкекте бардык билим берүү жайлары онлайн иштейтТуманбаев мамлекеттик ипотекага 50% төлөгөндөрдүн кезеги жок экенин айттыСадыр Жапаров: “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышатӨКМ өрт коопсуздугуна байланыштуу 110 ооруканага эскертүү бердиЭмомали Рахмондун Кыргызстанга сапарында чек ара келишимине кол коюлатКыргызстан кылмышка шектүү аялды АКШга экстрадициялады АКШнын расмий өкүлдөрү Украина менен сүйлөшүүлөргө үмүт артарын билдирди