12-марттын аба ырайы: Баткенде, Ошто жаан жаайт

12-мартта Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Мотороллерге курбуларын салып, айылчылаган Күмүшай апаТуманбаев мамлекеттик ипотекага 50% төлөгөндөрдүн кезеги жок экенин айтты"Туткунга албагыла". Орус аскери украин жоокерин атып салган деп айыпталуудаСадыр Жапаров: “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышатОрусияда "тобокел топко" кирген мигранттар көбөйдү