Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Жогорку Кеңештин жыйындар залынын эскизи.

Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техникалар менен жабдыларын билдирди. 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жүргүзүлө турган оңдоо иштери боюнча маалымат алып, 2023-жылы парламенттин техникалык базасын чыңдоого байланыштуу Түштүк Корея менен атайын макулдашууга кол коюлганын айтты.

Андан тышкары Жогорку Кеңештин айланасындагы таман таштарды да алмаштыруу каралып жатат.

Расмий маалымат боюнча, эл оозунда Ак үй деп аталган парламенттин имараты 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

2005, 2010 жана 2020-жылдардагы элдик толкундоолордо Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, таланып-тонолгон. Бул имаратта 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент жана анын администрациясы да отурган.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)

Дагы караңыз

Курск облусунда кармаштар жүрүп жатканы кабарланды Мектептерде сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салындыФейсбуктун колдонуучусу Азамат Марипов эки айга камалдыКыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады Орусиянын "тобокел тизмесиндеги" кыргызстандыктардын саны көбөйүүдөЧүй проспектисинин бир бөлүгү курулуш ишине байланыштуу эки жылга жабылатОрусияда имараттан кулап каза тапкан жарандын сөөгүн алып келүү аракети жүрүп жатат Өкмөт фейк маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштадыУКМК Максим Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды четке кактыПрезидент мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасына комментарий берди