Бишкек шаардык мэриясы 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталат.
Бул аймактагы айрым автобус каттамдардын жүрүү схемасы өзгөрөт: № 5, 34, 38, 50, 152, 166 жана 222 маршруттук каттам Фрунзе көчөсүнө которулат. № 7, 11, 25, 36, 129, 169, 216, 227 жана 254 маршруттук каттам Киев көчөсүнө багытталат.
Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча салат. Курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 миллиард сомду түзөт.
“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди компанияга 49 жылга ижарага берген. (BTo)
Дагы караңыз
Орусияда имараттан кулап каза тапкан жарандын сөөгүн алып келүү аракети жүрүп жатат Өкмөт фейк маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштадыУКМК Максим Бакиев Кыргызстанга келгени тууралуу кабарды четке кактыПрезидент мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн баасына комментарий бердиКытай, Орусия жана Иран биргелешкен деңиз машыгууларын өткөрөтОрусияда көзөмөл реестрине 700 миңдей мигрант киргизилди