Орусияда имараттан кулап каза тапкан жарандын сөөгүн алып келүү аракети жүрүп жатат

ТИМдин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ставропольск аймагында 1992-жылы туулган кыргызстандык бийик имараттан кулап кетип, каза тапканын ырастады. Бул тууралуу дипломатиялык мекеме 9-мартта маалымат тартты.

Билдирүүдө Кыргызстандын элчилиги Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү менен маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөтүп жатканы айтылат.

“Учурда маркумдун жакындары менен байланышып, кенемте төлөө жагы каралып жатат”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында орусиялык “Коммерсант” басылмасы Мамлекеттик эмгек инспекциясынын маалыматына таянып, кыргызстандык жаран 5-мартта имараттан кулап түшүп каза болгонун жазып чыккан.

“Ал коопсуздук эрежелерин сактабай, бийиктикте коргонуу каражаты жок эле иштеп жатканы, кулап түшкөндөн кийин ошол жерде каза болгону” белгиленген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сонку маалыматына ылайык, Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 9-мартта эки ирет жер силкинди"Сосновкада" жүк ташуучу автоунаалар чектөөсүз өткөрүлүп жатат Орусиянын Коргоо министрлиги 88 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирдиТүндүк Корея суу астында жүрүүчү өзөктүк кеме курганын билдирди