Кыргызстанда 9-мартта эки ирет жер силкинди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып, 9-мартта Кыргызстанда эки ирет күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Ага ылайык, алгачкы силкинүү саат 5:21де болуп, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 05:26да Жалал-Абад облусунда катталып, Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга чейин байкалган.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Дагы караңыз

Укук коргоочулар Сирия бийлиги жүздөгөн жай тургундарды өлтүргөнүн билдирдиКыргызстанда Германиянын 60 туроператору катышкан форум өтөтТүштүк Кореяда бийликтен четтеген президент Юн Сок Ёль тергөө абагынан чыкты"Сосновка" бекетинде жүк ташуучу автоунааларга кайра чектөө киргизилдиУкраина Орусиянын камактагы активдеринин эсебинен 969 млн доллар алганы кабарланды