Евробиримдик коргонууга салган акчасын көбөйтөт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте аскердик чыгымды кескин көбөйтүү боюнча планды бекитишти. Бул АКШ президентинин "Европа келечекте коргонуу маселесинде өз күчүнө гана ишенүүгө тийиштигин" ишара кылгандан кийин ишке ашты. Ал тапта АКШ менен Украинанын өкүлдөрү кийинки аптада Сауд Арабиясында жолуга турганы белгилүү болду.