Президент Жапаров Баткендин губернатору Айбек Шаменовго Достуктун тургундарына жасаган мамилеси үчүн эскертүү берди
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Шаменовго “Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берилгенин” жазды. “Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта. 6-мартта Достук айылындагы жолугушууда тургундарды Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган. Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. Шаменовдун сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.
Саясий партияларды каржысы боюнча отчет берүүгө милдеттендирүү сунушталды
Экономика жана коммерция министрлиги саясий партияларды, кесиптик бирликтерди, кооперативдерди жана диний уюмдарды кирешеси жана чыгашасы тууралуу жыл сайын маалымат берип турууга милдеттендирүү сунушун берди. Мыйзам долбооруна ылайык, сөз болуп жаткан уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына өткөн жылы кайсы булактан канча каражат алганы, ал эмнеге чыгымдалганы жана сатып алган мүлкү тууралуу отчет тапшырышы керек. Ошондой эле колдонуудан чыккан мүлкү боюнча да маалымат жайгаштырат. Бул уюмдардын каржыга байланышкан иши коммерциялык сыр деп эсептелбейт.
Абхаз, армян номурлуу машинелерди каттоону 15-мартта баштап, 15-сентябрда жыйынтыктоо сунушу берилди
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик сунуштаган тиешелүү токтом коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык армян, абхаз номурлуу машинелердин ээлери бул убакыт ичинде автоунаасын легалдаштыруу үчүн Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Чет өлкөлөрдүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилери менен документтери бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Ал эми документи жок болсо, айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо, машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл. Машине издөөдө жүргөн болсо, ал Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташылып келсе, чет мамлекеттин мамлекеттик каттоочу номердик белгилери жок болсо, ал катталбайт.
Бишкекте автоунаа оңдоочу жайдан чыккан өрттөн төрт машине күйүп кетти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-мартта Бишкектин Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрттөн төрт машине толугу менен күйүп кеткенин билдирди. Өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Аны өчүрүүгө үч өрт өчүрүү автоунаа тартылды.
Орус армиясы Украинанын энергетикалык жайларына сокку урду
Соккулар ракета жана дрондор менен жасалганын Украинанын энергетика министри Герман Галущенко билдирди. "Куткаруучулар жана энергетиктер чабуулдардын кесепеттерин мүмкүн болушунча жоюу аракеттерин көрүп жатышат. Энергия жана газ менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө", – деп жазды Галущенко. Харьковдо жарандык жайга дагы сокку урулган. Шаар башчысы Игорь Терехов соккудан улам өрт тутанганын билдирди. Андан тышкары, көп кабаттуу үй жабыркап, бардык тургундар эвакуацияланды. Акыркы маалыматтар боюнча, сегиз адам жараат алган. Орусиянын Коргоо министрлиги армиясы "жогорку тактыктагы курал менен" Украинанын газ-энергетикалык инфратүзүмдөрүнө сокку урганын ырастады.
Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга каршы жаңы санкция cалууну убада кылды. Бул тууралуу Truth Social cоциалдык тармагы аркылуу билдирди. "Орусия Украинаны согуш талаасында толугу менен “талкалап” жатканын эске алып, мен ага (Москвага) каршы кеңири масштабда банктык санкцияларды жана бажы төлөмдөрүн киргизүүнү олуттуу түрдө караштырып жатам. Бул чектөөлөр Украина менен Орусия ортосунда ок атышууну токтотуу жана тынчтык келишими түзүлмөйүнчө күчүндө болот. Орусия жана Украина, кеч болуп кала электе сүйлөшүүгө келгиле!" - деп жазды Трамп. Орусиянын бийлиги Трамптын соңку билдирүүсүнө реакция жасай элек. АКШ лидеринин бул билдирүүсүн Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак дароо кубаттады.
NYT: Бир нече өлкөнүн жарандары АКШга кире албай калышы мүмкүн
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы кайсы бир өлкөлөрдүн жарандарын Америкага кирүүгө чектөө киргизүү жөнүндө жаңы чечимди даярдап жатат. The New York Times басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, бул жолку чектөө Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө киргизилгенден кеңири болот. Басылманын булактарынын айтымында, "кызыл" тизмеге киргизилген өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салуу сунушталууда. Ага негизинен мурунку тизмеде болгон өлкөлөр киргизилери күтүлүүдө. Арасында Куба, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Венесуэла жана Йемен бар. Гезиттин булактары билдиргендей, бул тизмеге ошондой эле Ооганстанды киргизүү сунушталууда. Кийинки жумада Ооганстан менен Пакистандын жарандарынын Америкага кирүүсүнө тыюу салынары тууралуу "Рейтерс" агенттиги да жазып чыккан.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Тасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айтты
Евробиримдик өлкөлөрү Украинага аскер жиберүүнү чечсе, Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да Орусияга өз варианттарын сунуштоого даяр болот. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Известия" гезитине курган маегинде билдирди. Ал НАТОго Швеция менен Финляндия кошулган соң альянстын жигердүүлүгү өскөнү тынчсыздануу жаратпай койбосун, анткени "сөз эки аскерий-саясий союздаштар - НАТО менен ЖККУнун кесилиш сызыгынын кеңейүүсү тууралуу болуп жатканын" белгиледи. Украинага аскер жиберүү тууралуу сөздөр Европада акыркы убактарда күч алды. Европа лидерлери АКШ президенти Дональд Трамптын бийликке келиши менен Украинадагы согушка мамилесин өзгөрткөнүнө ынанышты.