Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамдаштыруу иши боюнча жер комиссиясынын үч мүчөсү кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызматкерлери 2009-жылдан 2024-жылга чейин трансформация болбогон сугат, айдоо категориясындагы 163 жер тилкесин үй салуу үчүн менчикке мыйзамсыз өткөрүп жибергени аныкталган.
Бул факт боюнча 5-мартта Бакай-Ата жер комиссиясынын мүчөлөрү: райондун акиминин биринчи орун басары С.М., Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча аймактык агенттиктин филиалынын директору С.Б., айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Б. кармалып, Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул ишке тиешеси бар башка жетекчилерди да аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүп жатканы кабарланды. Кармалган адамдардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Саясий партияларды каржысы боюнча отчет берүүгө милдеттендирүү сунушталды“Ош базары” көчүрүлгөндөн кийин ал жерде соода кылууга толук тыюу салынатЕвробиримдик лидерлери коргонууга бөлүнүүчү каражатын көбөйтүү планын бекитиштиКара-Кулжа жана Аксы райондоруна жаңы акимдер дайындалдыОрусиядагы кыргызстандык мигранттарга айлык акысын алуусуна көмөк көрсөтүлдүТасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айтты6-март: Достуктун эли Чет-Булакка көчөт, Трамп ХАМАСка туткундарды тез арада бошотууну эскертти