Экономика жана коммерция министрлиги саясий партияларды, кесиптик бирликтерди, кооперативдерди жана диний уюмдарды кирешеси жана чыгашасы тууралуу жыл сайын маалымат берип турууга милдеттендирүү сунушун берди.
“Саясий партиялар жөнүндө”, “Кесиптик бирликтер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” жана “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбооруна ылайык, сөз болуп жаткан уюмдар жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына өткөн жылы кайсы булактан канча каражат алды, ал эмнеге чыгымдалды жана сатып алган мүлкү тууралуу отчет тапшырышы керек. Ошондой эле колдонуудан чыккан мүлкү боюнча да маалымат жайгаштырат. Бул уюмдардын каржыга байланышкан иши коммерциялык сыр деп эсептелбейт.
2024-жылдын апрель айында Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде Юстиция министрлигинде “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарып жаткандардын” реестри түзүлгөн. Бейөкмөт уюмдар бул тизмеге катталып, каржылык иши боюнча жыл сайын маалымат берип турушу керек.
Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамга тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)
Дагы караңыз
“Ош базары” көчүрүлгөндөн кийин ал жерде соода кылууга толук тыюу салынатЕвробиримдик лидерлери коргонууга бөлүнүүчү каражатын көбөйтүү планын бекитиштиКара-Кулжа жана Аксы райондоруна жаңы акимдер дайындалдыОрусиядагы кыргызстандык мигранттарга айлык акысын алуусуна көмөк көрсөтүлдүТүштүк Корея менен визалык режимди жеңилдетүү келечеги сүйлөшүлдүТасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айтты