Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков кызматынан бошотулуп, дагы бир жарлыгы менен Кара-Кулжа районуна аким болуп дайындалды.
Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев өз арызынын негизинде мамлекет башчынын жарлыгы менен кызматынан бошотулду.
Садыр Жапаров Аксы районуна аким кылып Максат Саргазаковду дайындады.
22-февралда президент Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандагы жети: Ак-Суу, Араван, Базар-Коргон, Баткен, Манас, Ноокат жана Талас райондорунун акимдери кызматынан бошотулган. Аларды кызматтан бошотуу сунушун президентке"ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн" Министрлер кабинети берген.
Булардын ичинен үч: Араван, Ноокат жана Баткен райондоруна жаңы акимдер дайындалды. Ал эми Ак-Суу, Базар-Коргон, Манас жана Талас райондорунун жетекчилери коюла элек.
21-февраль күнү Министрлер кабинетинин өкмөттүн коллегиялык жыйыны өткөн. Анда мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, айрым министрликтердин, жергиликтүү бийликтердин иши сынга алынган. Министрлер кабинетинин сунушу менен бир нече министрдин орун басарлары кызматтан алынып, айрымдарына сөгүш берилген. (ZKo)
Дагы караңыз
Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга айлык акысын алуусуна көмөк көрсөтүлдүЕвробиримдик лидерлери коргонууга бөлүнүүчү каражатын көбөйтүү планын бекитишти"Казына үчүн пайдасы жогору". Ички карыз эмне үчүн көбөйүүдө?Түштүк Корея менен визалык режимди жеңилдетүү келечеги сүйлөшүлдүТасмагамбетов Еврошаркет Украинага аскер жиберсе ЖККУ да өз вариантын сунуштаарын айтты