Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул пландан 4 млрд 91,8 млн сом ашык экенин Мамлекеттик салык кызматы 4-мартта кабарлады.
Быйылкы салык жана төлөмдөр былтыркы январь-февраль айларындагы көрсөткүчтөн 10,7 млрд сомго көп экени белгиленди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул да белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. Быйылкы эки айда чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркыдан 1,2 млрд сомго көп.
Жалпысынан эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.
Жыл башында президент Садыр Жапаров калктын салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече тапшырмаларды берген. Министрлер кабинети көп өтпөй салыктын айрым түрлөрүнө мунапыс берүүнү сунуштаган. (ZKo)
Дагы караңыз
"Каратегинден кат" тасмасы Бишкекте көрсөтүлөтИИМ "чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүдө коррупция жок" деп билдирдиТаласта Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалдыЭнергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды Трамп Украинага аскердик жардамды токтото турууну чечкени кабарландыКүйүүчү майдан жолго алынган акчадан Жол фондуна 172 млн сом түштү