Кыргызстанда 1548 калктуу конуштун башкы планын даярдоо кечикти

Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Кыргызстанда 147 калктуу конуштун, анын ичинде алты шаардын - Кара-Балта, Кемин, Өзгөн, Каракол, Балыкчы, Базар-Коргондун башкы пландары иштелип жатканын билдирди. Бирок каражаттын жоктугунан дагы 1548 калктуу конуштун башкы планын даярдоо кечигип жатканын кабарлады.

Ушундан улам алардын башкы планын иштеп чыгууну 2030-жылга чейин узартууну сунуштады. 2017-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, өлкөдө калктуу конуштардын башкы планы 2025-жылы бүтүшү керек болчу.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги бирок ал үчүн жыл сайын бюджеттен 50 млн сомдон кем эмес каражат бөлүнүшү зарыл экенин кошумчалады. Ага ылайык, 2018-жылы 50 млн сом, 2019-жылы 41 млн 100 миң сом бөлүнгөн. 2020-жылы акча каралбай калып, 2021-жылы кайра 50 млн сом бөлүнгөн.

2022-жылы өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизилип, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгууга 2022-2025-жылдары жыл сайын кеминде 300 млн сом бөлүү тапшырмасы берилген. Бул каражат 2023-2024-жылдары бөлүнгөн. Министрлик 2026-2030-жылдары калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга жана топографиялык сүрөттөрдү даярдоого жалпы 2 млрд 400 млн сом керек экенин билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп Украинага аскердик жардамды токтото турууну чечкени кабарландыМакрон: Абадан жана деңизден сокку урууну бир айга токтотууну сунуш кылдык3-март: Бишкекте Фейсбук колдонуучу кармалды, Мангеймде машина топ адамды сүзүп кетти Украин армиясы Орусия тылдагы полигонго сокку урганын бышыктадыТашиев 12 жылдык билим берүүгө өтүү туура эмес деген пикирин билдирдиМамлекеттик ипотека: Турак жай баасы 650 доллардан 1400 долларга чейин бааланууда