Мектептерде техникалык кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү үчүн 3 млрд сом керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептердеги кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысын 50% көбөйтүү үчүн 3 млрд сом акча керек экенин билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Ал 3-март күнү Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында билдиргендей, 2022-жылы мектеп, бала бакчаларда иштеген педагогдордун айлык акысы 100% көбөйгөн. Ал эми кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы 80% жогорулатуу тууралуу токтом кабыл алынган.

"2024-жылы Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги бала бакча, мектептен тышкары билим берүүчү мекемелердин жана кесиптик билим берүүчү лицейлердин жетекчилеринин айлык акысын көбөйтүү боюнча долбоор иштеп чыккан. Бул үчүн 600 млн сом керек. Ошондой эле кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү боюнча да долбоор макулдашылган. Ага 3 млрд сом акча керек болот", - деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары учурда бул токтом долбоорлорун ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги Финансы министрлиги менен чогуу каражат булактарын караштыруунун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШда тажик жараны террорчулукка шектелип кармалды. "ИМ" тобунан коркунуч күч алдыбы? Тоңдо күчү 3,5 баллдык жер титирөө катталды Кыргызстанда 083 формасындагы медициналык маалымкат санарипке өткөрүлөтМилиция жашы 70тен өткөн Иващиненко эмнеге суракка алынганына комментарий бердиЖер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор президентке кайрылды