Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 3-март күнү саат 12:05те Ысык-Көл облусунун Тоң районунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреди. Аймактагы Туура-Суу жана Ала-Баш айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болуп сезилген.
Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Январь айында өлкөнүн түштүк тарабында, Ош, Жалал-Абад облустарында бир нече ирет жер титиреген.
4-январь күнү Чүй облусунун аймагында да үч баллга жеткен жер титирөө болгону кабарланган.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда 083 формасындагы медициналык маалымкат санарипке өткөрүлөтМилиция жашы 70тен өткөн Иващиненко эмнеге суракка алынганына комментарий бердиАба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайтЖер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор президентке кайрылдыАКШда тажик жараны террорчулукка шектелип кармалды. "ИМ" тобунан коркунуч күч алдыбы? "Азаматтын жашы токтободу". Абактагы уулун көргөн эне көз жумду