Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

4-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.

Дагы караңыз

Абактагы Ишенбековго чоң апасынын тажыясына катышууга уруксат берилдиКыргызстандык балбандар Албанияда рейтингдик мелдеште 9 медал алды"Оскар" сыйлыгы: "Анора" тасмасы беш номинацияда жеңүүчү болду Лондондо Украина боюнча жыйын өткөнү жататУкраина МАГАТЭни Запорожье АЭСине Орусия оккупациялаган тараптан киргенин сындады