Орус оппозициясы Берлинде “Орусия Путинге каршы” деген жүрүш уюштурду

Орус оппозициясынын Берлиндеги жүрүшү. 1-март 2025-жыл.

1-март күнү Берлинде “Орусия Путинге каршы” деген ураан менен орус оппозициясынын жүрүшү өттү.

“Свобода” радиосунун баалоосу боюнча акцияга 1,5 миңдей адам катышты. Уюштуруучулар 3-3,5 миң катышуучу болгонун билдиришти. Полиция катышуучулардын санын 800 деп эсептеген.

Жүрүштү оппозиционерлер Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза жана Юлия Навальная уюштурду. Алар негизги колоннаны баштап басышты.

Жүрүштүн катышуучулары Берлиндин борбору аркылуу, анын ичинде Орусиянын элчилигин кыйгап өтүштү. Акция Бранденбург дарбазасынын алдында аяктады.

Ага “Орус ыктыярдуу корпусунун” тарапташтары да өз символикалары менен катышты. Бул көбүнчө Киев тарапта согушкан орусиялыктардан турган украин аскерлештирилген бөлүгү болуп саналат.

Берлиндеги жүрүшкө тилектештик акциялары башка шаарларда да өттү. Прагада ондогон адамдар шаардын борборуна чогулду. Ереванда катышуучулар антиаскердик ураандар менен Орусиянын элчилигинен алыс эмес жерге чогулганын “Свобода” радиосунун кабарчысы билдирди. (KbA)

Дагы караңыз

Орбан Евробиримдикти Орусия менен сүйлөшүүнү баштоого чакырдыЗеленский Европа лидерлери менен жыйынга катышуу үчүн Лондонго бардыДональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолду