"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору болуп Жазгүл Карбосова дайындалды

Жазгүл Карбосова.

Журналист Жазгүл Карбосова мамлекеттик расмий "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-февралда кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эмгек жолун Талас шаарында бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп баштаган Карбосова бир нече гезитте кабарчы, редактор кызматын аркалаган. "Эркин Тоо" гезитинде, "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн башкы редакторунун орун басары болуп иштеген.

2023-жылы “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мамлекеттик тил боюнча башкы адис, 2024-жылдын февраль айынан тартып "Мамлекеттик ипотекалык компания” ишканасынын Калкты тейлөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси болуп иштеп жаткан.

Буга чейин MCN coin криптоактивин жарнама кылды деп сынга кабылгандар арасында өкмөткө караштуу “Эркин Тоо” гезити да бар экенин, аталган басылмага өткөн жылы октябрь айында криптоактивди уюштурду делгендердин үч маеги жарыяланганын иликтөөчү журналисттер аныктап чыгышкан. Бирок ошол кездеги башкы редактор Наралы Асанбаев гезит аталган криптоактивди алууга жарандарды үгүттөбөгөнүн "Азаттыкка" билдирген.

20-февралда Асанбаев кызматынан өз арызы менен кеткенин "Азаттыкка" ырастаган. Ал иштен кетүүсүнө MCN coin криптоактивин жарнамалоо маселеси себеп болбогонун белгилеген.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда MCN coin криптоактивине акчасын алдаткандардын арызынын негизинде былтыр сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" деген беренеси менен кылмыш иши козголгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Пакистанда медреседе бомба жарылганда алты киши каза таптыФранцияда эки киши Орусиянын Марселдеги консулдугуна кол салуу үчүн сегиз айга эркинен ажыратылдыБишкекте өспүрүмдөр арасындагы зомбулукту токтотуу жолдору талкууландыАла-Букада дүкөндөрдү өрттөөгө шектелген адам кармалды