Мамлекеттик цирк маданият министрлигинин түзүмүнөн чыгарылды

А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки.

Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чыгарган токтом 28-февралда жарыяланды.

Ага ылайык, цирк эми мамлекеттик ишкана болуп түзүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өтөт.

Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 1962-жылы түзүлүп, имараты 1976-жылы курулган.

Цирктин жамаатында 2010-жылдардан бери пикир келишпестик уланып келип, 2023-жылы 7-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик циркти текшерип, толук оңдоп чыгуу тапшырмасын берген. Былтыр 2-ноябрда толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген. (TAb)

Дагы караңыз

1-марттын аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайтЖаратылыш кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүү тууралуу жарлык чыктыАкыйкатчынын жана Европарламенттин өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укуктарын талкуулаштыЖогорку Кеңештин алты комитети кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерди жактырды