Төө-Ашуудагы тоннелде унаа каттамына убактылуу чектөө кирди

Архив сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-февралда Бишкек–Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннел убактылуу жабылганын билдирди. Буга Volvo үлгүсүндөгү унаа тоннелдин ичиндеги аба тазалоочу вентиляторго тийип, машиналардын өтүүсүнө кооптуу жагдай жаралганы себеп болгон.

Учурда министрликтин нөөмөттөгү эки куткаруучусу жана тоннелдин кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Тоннел 2023-жылы жайында капиталдык оңдоодон өткөн.

Дагы караңыз

Чех өкмөт башчысы Европа өз коопсуздугуна АКШсыз өзү кам көрүшү керектигин айтты "Кудайберген" базарынын жанындагы тетик саткан дүкөндөн өрт чыктыЕБ лидерлери Киевдеги саммитте Украинага колдоосун билдириштиБУУ: АКШ Украина сунуштаган резолюцияга каршы добуш берди, Кыргызстан калыс калды